Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:57

Авиаторлор учакта электрондук жабдыктарга чектөөлөрдү талкуулайт


Учакка алууга тыюу салынган электрондук жабдыктар

5-6-июнда Мексикада авиакомпаниялардын лидерлери жолугуп, АКШ менен Британия киргизген учакта лэптоп жана башка чоң электроникалык жабдыктарды алып жүрүүгө тыюу салынышын талкуулайт.

Курамына 275 авиакомпания кирген Эл аралык аба каттамдары ассоциациясынын (ЭАКА) мүчөлөрү Канкун шаарында авиатармактын келечектеги стратегиясын талкуулоого чогулушту.

Эл аралык ассоциациянын башкы директору Александр де Жюньяк электрондук жабдыктарды алып жүрүүдө коркунуч бардыгын белгилеп, ошол эле маалда аларга тыюу салуу бир нече жылга созулган кыйынчылыктан чыккан авиатармакка да кооптуу экенин айтты.

Мындай чектөө негизинен Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадан АКШга учкан “Эмираттар”, “Катар аба жолдору” жана “Түрк аба жолдору” авиакомпанияларына таасир этет.

АКШнын расмийлери чектөөнү АКШ менен Европанын ортосундагы авиакаттамдарга дагы киргизүү каралып жатканын айтышкан. Эгер андай чектөө киргизилсе, авиатармактын тарткан чыгымы 1,4 миллиард долларга чукулдашы мумкүн.

“Биз коопсуздукка коркунучту билебиз, андан эч кандай күмөнүбүз жок, бирок биз мындай чарадан күмөнүбүз бар” деген Жюньяк “чектөөнүн туура эместигин” белгиледи.

Эл аралык ассоциациянын мүчөлөрү альтернативдүү чара катары атайын иттерди, жарылуучу заттарды аныктоочу жаңы технологияны колдонууну жана тренингдерди көбөйтүүнү сунуштайт.

XS
SM
MD
LG