АКШнын Флорида штатындагы Орландо шаарына жакын жерде дүйшөмбү күнү эртең менен атышуу болуп, андан беш киши каза тапканын полиция билдирет. 5-июнда жергиликтүү полициянын башчысы Жерри Демингс кабарчыларга ок ачкан киши апрель айында иштен кеткен мурунку кызматкер экенин айтты. Куралчан киши өзүн өзү өлтүргөнүн дагы полиция бышыктады. Төрт киши окуя болгон жерде, ал эми бешинчи адам ооруканада үзүлгөн.
Полиция кылмышка шектүү 45 жаштагы кишинин терроризм менен байланышы жоктугун жана коомчулукка аты жөнү белгисиз экенин, мурунку иштеген жеринде кылмыштуу окуяга кириптер болуп, бирок жоопко тартылбай калганын билдирет.
Өткөн жылдын июнунда Орландодо түнкү клубга куралчан киши кол салып, 49 кишини өлтүргөн.