Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:36

Жергиликтүү башкаруу жана этностор агенттигинде жетекчи алмашты


Бахтияр Салиев (сүрөт интернеттен алынды)

Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикте жетекчи алмашты. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен директорлук кызматка бүгүн Бахтияр Салиев дайындалды.

Өкмөттөн кабарлашкандай, буга чейинки директор Жумагүл Эгамбердиева ээлеген кызматынан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулду. Бирок азырынча кайсы иш экени айтыла элек.

Эгамбердиева агенттикке жетекчи болуп былтыр сентябрь айында дайындалган болчу. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG