Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Британ полициясы Лондондогу чабуулга шектүү үчүнчү кишинин атын атады


Юссеф Загба, Курам Батт жана Ричард Редуэйн.
Юссеф Загба, Курам Батт жана Ричард Редуэйн.

Британ бийликтери 3-июнда Лондондо жасалган чабуулга шектүү үчүнчү кишинин аты-жөнүн жарыялады. Мароккодон чыккан Юссеф Загба Италиянын жарандыгын алып жүргөн.

22 жаштагы Загба Лондондун чыгышында жашаган жана МИ-5 кызматына белгисиз болгон.

Буга чейин Лондон полициясы кандуу чабуулга шектүү эки кишинин аты-жөнүн коомчулукка жарыялаган. 27 жаштагы Курам Батт менен 30 жаштагы Ричард Редуэйн Лондондун чыгышындагы Баркинг районунда жашаган.

3-июндун кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзгөн, кийин ичинен үч киши чыгып ресторанда отурган кишилерди бычакташкан. Полиция аларды ошол жерде атып өлтүргөн.

Жети киши каза таап, 48 адам жараат алган. Алардын 36сы ооруканаларда болсо, 18нин абалы оор экенин бийликтер билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG