Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Бүгүн Кыргызстанга Орусиянын бажы башчысы келет


Орусиянын федералдык бажы кызматынын башчысы, кыргыз-орус соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык маселелер боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Владимир Булавин эки күндүк иш сапар менен Кыргызстанга келет. Иш сапар алкагында Булавин кыргыз өкмөт мүчөлөрү менен жолугушат.
Мындан тышкары ал Кыргызстандагы ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын иши менен таанышат.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине 2015-жылы 12-августта толук кандуу мүчө болуп кирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG