Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Кыргызстанда айлык акы жыл сайын 1% өсүүдө


Кыргызстанда айлык маяна жыл сайын орточо эсеп менен болгону 1% гана жогорулоодо. Соңку үч жылдагы көрсөткүч ушундай экени Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы менен бирге иштелип чыккан "Кыргыз Республикасында соода жана адамдын өнүгүүсү жөнүндө улуттук докладда" айтылат. Анын жарыяланышына байланыштуу бүгүн Бишкекте жыйын өттү.

Докладда айтылгандай, өлкөдө орточо номиналдык айлык акы чоң темптер менен өсүп жатат, бирок ал баалардын өсүшүн эске алган жок.

"Соңку жылдары (2013-2016) реалдуу айлык маяна өзгөчө төмөнкү өсүштө - болгону жылына орточо 1%" деп айтылат докладда.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев каржы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып тышкы жагымсыз тенденцияларга карабастан Кыргызстан 2016-жылы экономикада эң мыкты көрсөткүчкө, 3,6% экономикалык өсүшкө ээ болгонун айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG