Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:21

Ошто Өзбекстандын Мукуми театрынын гастролу өтүп жатат


Бабур театрынын артисттери
Бабур театрынын артисттери

7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын артисттери “Жайдары келин” спектаклин шаардыктарга тартуулашты. Спектакль башталганга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөп, достукту жана биримдикти чыңдаган бул кадамдар үчүн уюштуруучуларга жана театр артисттерине ыраазычылык билдиришти.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев кыргыз-өзбек мамилеси кылымдар бою достукта сакталып келгенин билдирип, келечекте коңшу Өзбекстан менен маданий-гуманитардык тармакта гана эмес, соода-сатык, экономикалык багытта да алака жандана турганын белгилеп өттү. Чек ара маселелери чечилип, көп жылдык мамилер калыбына келет деген ишеними зор экенин кошумчалады.

Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын 15тен ашуун артисттери Ош шаары жана Ош облусунун райондорунда бир апта “Жайдары келин” спектакли менен гастролдо болот.

Бул тууралуу Ош шаар мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG