Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:04

Ала-Букада эне сүтүнүн баалуулугун түшүндүргөн жумалык өтүүдө


Ала-Бука, 2017-жылдын 8-июну

Ала-Букада ымыркайларды эненин эмчек сүтү менен багып өстүрүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул максатта атайын жумалык уюштурулууда.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда доктурлар менен жаш энелер окутулуп жатканын "Азаттыкка" райондук ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн башчысы Феруза Жороева билдирди.

Келген энелерге медицина кызматкерлери эмчекти туура эмизүү жана баланы ар кандай оорулардан коргоо боюнча кеп-кеңештерди берүүдө.

Жумалык алкагында медицина кызматкерлери окутулуп, алты айга чейинки жаштагы ымыркайы бар энелерге туура эмизүү ыкмалары үйрөтүлүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG