Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:38

Жарандык коом Текебаевдин соту бир жактуу өтүп жатат деп кабатыр


Соттун жүрүшүн видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салынганына байланыштуу нааразылык акциясы өттү

Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү “Ата Мекен” партиясынын лидери, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин Бишкектеги Биринчи Май райондук сотундагы жүрүм бир жактуу өтүп жатат деп камтама болууда. Бүгүн “Сот реформасына көзөмөл боюнча жарандык кеңеш” уюму билдирүү таратып, өзү жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыктарын жарыялады.

Жарандык активисттер белгилегендей, судья Айбек Эрнис уулу адвокаттарга козголгон кылмыш иштин материалдары менен таанышууга чектелүү гана убакыт берип, бүгүнкү отурумда алардын беш өтүнүчүн тең четке какты. Ошондой эле милиция жана башка тартип коргоо кызматкерлеринин сот залында көп топтолушу айрым тарапкерлердин жана байкоочулардын кире албай калышын шарттады, соттун жүрүшүн видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салынды.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун Биринчи Май райондук сотундагы процесси убактылуу токтоду.

Буга Чотоновдун адвокаттарынын шаардык сотко кайрылуусу себеп болду. Алар Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүшкөн, бирок прокурорлор каршы чыгып, натыйжада судья Айбек Эрнис уулу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан. Мындай чечимге нааразылык билдирген адвокаттар шаардык сотко арызданды.

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту УКМК тергеген ишти 5-июнда карап баштаган. Ө.Текебаев 2010-жылы орус жаранынан ири суммада пара алган деген шек менен быйыл февраль айында кармалып, көп өтпөй ушул эле ишке байланыштуу Д.Чотонов да камалган.

Соттолуучулар кылмыш иш бийликтин буйругу менен саясий максатта козголгонун айтып келет, ал эми Башкы прокуратура бул айыпты четке кагууда. (BkA/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG