Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:00

Чүй облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы жаңыланган «Кең-Булуң» бекети суткасына 700 автоунааны жана 5000 жаранды өткөрүүгө ылайыкталган. Аталган бекеттин ачылышы 8-июнда болуп, ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мурдагы жылдарга салыштырмалуу чек ара кызматкерлеринин иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлгөнүн белгиледи:

- Мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара бекеттерин жаңылап, материалдык-техникалык жактан жаңыртуу жана чек ара аркылуу өткөн жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Бул багытта алгылыктуу иш алып баруунун натыйжасында биз жакшы көрсөткүчтөргө жеттик. Өкмөт мамлекеттик чек ара кызматына өзгөчө көңүл бурат.

«Кең-Булуң» чек ара бекетин жаңылоого 26,5 млн сом сарпталды. Ошол эле учурда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» жана «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрүү бекеттерин реконструкциялоо иши жүрүп жатат. Алардын курулуш иштери жакынкы аралыкта аягына чыгат.

«Кең-Булуң» чек ара бекети 2003-жылдан бери иштеп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG