Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:26

Ирактагы жардырууда 30 киши мерт болду


Окуя үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу алды.
Окуя үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу алды.

Ирактын Мусаиб шаарында жанкечти аял өзүн жардырып жиберип, кеминде 30 киши мерт болуп, ондогон адамдар жаракат алышты.

Жергиликтүү полиция маалымдагандай, жанкечти белиндеги куруна орнотулган жардыруучу затты шаардын борборундагы базарда ишке келтирген.

Калаба үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ислам мамлекети" радикал тобу алды. 2014-жылы Сирияда жана Иракта басып алган аймактарын колунан чыгарып жаткан бул топ акыркы бир нече айдан бери Иракта жанкечтилер аркылуу террордук чабуулдарды ишке ашырууда.

АКШ башында турган коалициянын абадан көрсөткөн көмөгү менен өкмөттүк армия Ирактын экинчи чоң шаары Мосулду согушкерлерден тазалап жатышат. Шаардын бир бөлүгү январь айында куткарылса, учурда батыш тарабында айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG