Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Фергана.ру сайты Кыргызстанда тосмолонду


Бул тууралуу сайттын редактору Даниил Кислов билдирди. Анын айтымында, сайтты тосмолоо чечимин Бишкек шаардык Октябрь райондук соту 9-июнда кабыл алды.

- Биз бул тууралуу Бишкектеги редакторубуз сайтты ача албай калып, интернет-провайдер «Мегалайнга» кайрылганда билдик. «Мегалайн» бизге шилтеме жиберди, ал жакта сайт Октябрь райондук сотунун чечими менен тосмолонгону жазылган экен. Бул биз үчүн абдан күтүүсүз болду. Мен муну мындай деп түшүндүрмөкмүн: биз буга чейин Кыргызстан бийлиги, президенттик шайлоонун алдындагы кампания, президент Атамбаевдин мураскери тууралуу жазганбыз. Андан тышкары Кыргызстандагы этностор аралык мамилелер жөнүндө макала жарыяланган. Бул макала Фейсбук социалдык тармагындагы улуттар аралык кастыкты козуткан адамдардын постторуна арналган болчу. Макала жарыяланган соң автору Улукбек Бабакуловго кылмыш иши козголду. Мына ушунун баары бул бийликтин шайлоо алдында маалымат айдыңын тазалоо аракети деп ойлойм. Башка түшүндүрмөм жок. Бизге буга чейин эч кандай кат, эскертүү же сот тууралуу маалымат келген эмес.

Бийлик бул боюнча расмий комментарий бере элек.

Журналист Бабакуловго кылмыш иши козголгонун буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” ырастаган. Анын билдиргенине караганда, Бабакуловдун макаласы этностор аралык кастыкты козутууга жана улут аралык карым-катнашты курчутууга багытталганы аныкталды. Иш Кылмыш кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Улут, раса, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу) негизинде козголду.

Фергана.ру сайты 2011-жылы да Кыргызстанда тосмолонгон. Сайт 2013-жылы соттун чечими менен кайра ачылган. Сайттын редактору Даниил Кислов соттун чечимин алаар замат доо арыз менен кайрыларын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG