Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Президент Атамбаев менен чех президенти Земан жолукту


Президент Алмазбек Атамбаев менен чех президенти Милош Земан.
Президент Алмазбек Атамбаев менен чех президенти Милош Земан.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Астанада Чехиянын президенти Милош Земан менен жолукту. Эки тарап саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты талкуулашты.

Лидерлер бардык деңгээлде алаканы күчөтүү керектигин белгилеп, Кыргызстанда чех инвестициясын тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу кеп козголду. Милош Земан Чехия Кыргызстанда энергетикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Атамбаев чех элине өткөн кылымдын 30-жылдары Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Чехиянын борбору Прага шаарында 15-майда кыргыз-чех бизнес форуму өткөн. Форумга Кыргызстан менен Чехиянын 150гө жакын компания жетекчилери катышкан эле. (NT/TSh)

XS
SM
MD
LG