Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 15:55

Кыргыз бийлиги Бишкекке келген Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутеррешке "Таза коом" долбоорунун маани-маңызы тууралуу айтып берип жатат. Ушу тапта "Ала-Арча" резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жаштар катышкан форум өтүүдө.

Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков жыйынды ачып жатып "Таза коомду" ишке аша турган реалдуу долбоор деп атады.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан жаратылыш шарты оор, газ, мунай сыяктуу кен байлыктары жок өлкө, бирок негизги байлык жарандар экенин айтты. Өлкөдө саясий туруктуулук сакталып турганын, жемкорлук азайганын, "Таза коом" долбоору коррупцияны азайтууга өбөлгө болорун билдирди. Ар бир айыл, ар бир үй интернетке кошуларын айтты. (TSh/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG