Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Гутерриш: "Таза коом" долбоорун кубаттайбыз


БУУ баш катчысы Антонио Гутерриш жана Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев
БУУ баш катчысы Антонио Гутерриш жана Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев

Бириккен Улуттар Уюму "Таза коом" долбоорун кубаттайт. Бул тууралуу ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан эл аралык форумда сүйлөгөн БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди:

- Кыргыз бийлигинин жаңы технология менен жарандардын жашоосун жакшыртууга, коррупцияны азайтууга, адам укутарын коргоого көмөктөшө турган "Таза коом" долбоорун кубаттайбыз, - деди ал.

Ошондой эле Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча жетекчиси Лилиана Бурунчук, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Бруно Балванера, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кэндис МакДэйган да сөз сүйлөп, кыргыз бийлиги, президент баштаган амбициялуу санарип долбоорду колдоп, ар тараптан көмөктөшүүгө даяр экенин билдиришти.

Ушу тапта "Ала-Арча" резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жаштар катышкан форум өтүүдө.

Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков жыйынды ачып жатып "Таза коомду" ишке аша турган реалдуу долбоор деп атады.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан жаратылыш шарты оор, газ, мунай сыяктуу кен байлыктары жок өлкө, бирок негизги байлык жарандар экенин айтты. Өлкөдө саясий туруктуулук сакталып турганын, жемкорлук азайганын, "Таза коом" долбоору коррупцияны азайтууга өбөлгө болорун билдирди. Ар бир айыл, ар бир үй интернетке кошуларын айтты. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG