Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:29

Кыргызстанда быйылкы президенттик шайлоо талапка жооп берерлик деңгээлде уюштурулат, бирок кырдаалды курчутууга аракет жасагандар бар болууда. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “Таза коом” долбоору боюнча өткөн жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ал шайлоодон эч кооптонбой турганын, бирок көлөкө түшүрүп, өлкөнүн атын булгаганга аракет калчулар бар экенин, журналистке “улут аралык кастыкты тутандырып, саясий башпаанек алып кетүү” кеңешин берип жаткан укук коргоочунун диалогун угуп коркконун, андайларга өлкөдөн чыгып кетүүсү үчүн учак даярдап берүүгө даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле Атамбаев журналисттер менен саясатчылар арасында ыпластык көп болуп жатканын, бул мамлекет үчүн жакшы эместигин айтты.

Кийинки президенттин аты ноябрь айында белгилүү болуп каларын, өзү эч жакка кетпей турганын жана мыйзам бузган болсо жооп берерин кошумчалады.

Жума күнү Улуттук коопсуздук кызматы интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу улут аралык кастыкты козутуу аракетин көргөн деген шек менен бир адам кармалганын жана Fergananews.com сайтында, башка да ресурстарда чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялаган деп шектелген журналист Улукбек Бабакуловго карата кылмыш иш козгогонун кабарлаган.

Ошондой эле атайын кызмат Бабакулов бул макалаларды 2010-жылдагы Июнь окуясын утурлай жарыялоо менен чет өлкөдөн саясий башпаанек алуу максатын көздөгөнү аныкталганын билдирген.

Бабакулов боюнча маселе буга чейин парламентте да талкууланганда ал өзү 2-июнда “Азаттык” радиосуна комментарий берип, макаласында интернеттеги социалдык сайттарды анализдеп көргөзгөндүгүн гана билдирип "Мен социалдык тармактарда улут аралык мамилени козуткан пост, пикирлер жазылып жатат деп, ошолорду которуп жазгам. Ошого атайын кызматтар бөгөт койсо дейм. Мен ошол маселени көтөрдүм" деп айткан.

Бул күндөрү Кыргызстанда 2010-жылдын июнь айындагы Ош, Жалал-Абад облустарында 442 адамдын өмүрүн алган улут аралык жаңжалдын 7 жылдыгы эскерилүүдө.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG