Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:09

Ливияда Муаммар Каддафинин баласы эркиндикке чыкты


Сейф ал-Ислам Каддафи
Сейф ал-Ислам Каддафи

Ливиянын мурдагы лидери, 2011-жылы бийликтен кулатылган Муаммар Каддафинин баласы Сейф ал-Ислам Каддафи эркиндикке чыкты. Ал алты жылдан бери Зинтан шаарындагы абакта отурган.

Сейф ал-Ислам Каддафини кармап турган куралдуу топ аны өлүм жазасына кескен Триполи сотунун чечимин тааныган эмес жана Сейф ал-Исламды расмий бийликтерге өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

Каддафинин юристтеринин жана "Абу Бакр Сыддык" тобунун өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, Сейф ал-Ислам өлкөнүн чыгышында жайгашкан Тобрук шаарындагы парламент кабыл алган мунапыс мыйзамына ылайык бошотулган.

Бул парламент борбор шаар - Триполидеги Ливиянын эл аралык коомчулук тааныган бийлигине баш ийбейт. Триполи иш жүзүндө өлкөнүн чыгыш бөлүгүн көзөмөлдөбөйт.

Сейф ал-Ислам атасынын жактоочуларынын бири болгон. Эл аралык Гаага сотунда ал 2011-жылдагы жарандык согуш учурундагы кылмыштар үчүн айыпталган.

Муаммар Каддафинин баласы азыр кайда экени белгисиз. Айрым маалыматтарда ал Ливиянын түндүк-чыгышындагы Эл-Байда шаарына жөнөп кеткен.

XS
SM
MD
LG