12-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым аймактарда жаан жаап, бийик тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;
Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 26...31;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12...17, күндүз 29...34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23;
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30°.