Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 21:51

Надаль "Ролан Гарросту" онунчу жолу утту


Рафаэль Надаль

Испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль Франциянын Ачык чемпионатын онунчу ирет жеңип, рекорд койду.

Париждеги "Ролан Гаррос" кортундагы финалда ал рейтинг боюнча үчүнчү орундагы швейцариялык Стэн Вавринканы 6:2, 6:3, 6:1 эсебинде уткан.

- Эмоциям ашып-ташып атат. Айтып бере алгыс сезимдердемин, - деди 31 жаштагы теннисчи.

Ал Чоң шлемди ушуну менен 15-ирет утуп, Рожер Федерерден кийинки орунга көтөрүлдү. Теннис боюнча бул эң ири турнирди Федерер 18 ирет багындырган.

XS
SM
MD
LG