Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Лондондогу теракт боюнча жетинчи шектүү кармалды


Лондон полициясы 11-июндун кечинде баш калаадагы терактка байланыштуу жетинчи шектүү кармалганын кабарлады. Полициянын расмий сайтындагы маалыматка караганда, Баркинг районунан 19 жаштагы адам кармалып, жашаган жери тинтүүгө алынды. Мындан сырткары алты киши окуяга шектелип буга чейин кармалып, камалган. Окуяга байланыштуу полиция жалпысынан 19 өлкөнүн 260тан ашуун жаранын күбө катары сурады. 20 адам кармалып, кийин көбү коё берилген.

3-июндун кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзгөн, кийин ичинен үч киши чыгып ресторанда отургандарды бычакташкан. Чабуулдан жети киши каза таап, 48 адам жараат алган. Алардын 36сы ооруканага түшкөн. Полиция кол салгандарды ошол жерде атып өлтүргөн.

Британ бийликтери 3-июнда Лондондо жасалган чабуулга шектүүлөрдүн аты-жөнүн жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG