Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 11:06

Францияда парламенттик шайлоонун биринчи туру жыйынтыкталды. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, президент Эммануэл Макрондун “Алга, республика!” борборчул партиясы буга чейин коомдук сурамжылоо божомолдогондой эле 32,2% добуш алды. Шайлоочулардын 49,8 пайызы гана добуш берүүгө катышты. IPSOS социологиялык изилдөө институтунун баасы боюнча, шайлоонун жыйынтыгы менен Макрондун кыймылы абсолюттук көпчүлүктү ала алат. Экинчи турга оңчул “Республика” 21,5% добушу менен, үчүнчү орунга 14% менен “Улуттук фронт” чыкты. Андан соң “Жеңилгис Франция” 11%, социалисттер шайлоочулардын 10,2 пайыз добушуна ээ болду.

Шайлоонун экинчи туру 18-ноябрда өтөт. Шайлоо борборчул Эммануэл Макрон өлкө президенти болгондон бир ай өткөндөн кийин уюштурулууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG