Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:14

Бишкекте театрлардын республикалык фестивалы ачылды 


“Коркут Ата” спектакли.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында театрлардын IX республикалык фестивалы башталды.

Ага өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан театрлардын өнөрпоздору келишти. Саамалыкты белгилүү акын Жалил Садыковдун 85 жылдыгынын урматына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган.

Маданий иш-чара Ала-Тоо аянтындагы театралдаштырылган жөө жүрүш менен башталды. Аталган мекеменин билдиришинче, фестиваль 15-июнга чейин уланат. Анын жүрүшүндө "Туңгуч" жаштар театрында, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында, Бакен Кыдыкеева атындагы театрда, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында спектаклдар коюлат.

Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири, акын жана драматург Жалил Садыков 1932-жылы туулган. (NT/ErN)

XS
SM
MD
LG