АКШ президенти Дональд Трамп бул тууралуу өкмөттүн 12-июндагы отурумунда билдирди.
“Биз “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы чоң ийгиликке жетиштик” деген президент Трамп бул экстремисттик топко каршы күрөшүүнүн мындан аркы планын алдыда эки апта ичиндеги басма сөз жыйында жарыялайт.
Азыр да Ирак менен Сириянын бөлүктөрүн ээлеп турган “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү - президент Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү учурунда утур-утур кайталап берген убадаларынын бири.
Ошол эле учурда расмий өкүлдөр Сириядагы кызыкчылыктар кагылышынан улам “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөш кыйла татаалдашып кеткенин да эскертип келишет.
Сирияда ИМ тобуна каршы АКШ, Орусия, Түркия күрөшкөнү менен Москва бул өлкөдөгү куралдуу жаңжалда президент Башар Асаддын күчтөрүн, Вашингтон менен Анкара режимге каршы козголоңчулардын түрдүү топторун колдошот. (UE)