Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:53

Жалал-Абад: аэропорттун аймагында 2,5 га куураган чөп күйдү


12-июндан 13-июнга караган түнү Жалал-Абад шаарында, аэропорттун аймагында 2,5 га куураган чөп күйдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аталган облустагы башкармалыгынын башчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” айтымында, өрттөн аэропортко зыян келген жок. Ошондой эле өрттү өчүрүү учактардын учуп-конуусуна таасирин тийгизген эмес. Учурда өрттүн себеби такталууда. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG