Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:43

Германияда Кыргызстанга арналган иш-чара өттү


Германиянын Бонн шаарына тигилген боз үй.
Германиянын Бонн шаарына тигилген боз үй.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмү немис Коргоо министрлигинин тил үйрөнүү мекемеси өткөргөн иш-чарага катышты.

Мекеме уюштурган ачык эшик күндөрүндө боз үй тигилип, анда элдик кол өнөрчүлүк буюмдары, Кыргызстан жөнүндө маалымат тактасы коюлду. Аны 15 миңге чукул адам көрүп, Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастары, туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Келгендердин арасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабият менен маданиятка кошкон салымын, анын чыгармаларын немис тилинде окуганын айткандар болду. Бонн шаарында жашаган кыргызстандыктардын демилгеси менен конокторго улуттук даамдар берилди.

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Коргоо министрлигинин тил үйрөнүү мекемесинде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын офицерлери окуудан өтүшөт. (NT)

XS
SM
MD
LG