Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

ЕБ жана АКШ Орусияны демонстрацияда кармалгандарды бошотууга чакырышты


Бул тууралуу Орусиядагы кечээги окуялардан кийин алар биргелешип жасаган билдирүүдө айтылат.

Евробиримдиктин тышкы саясий мекемесинин билдирүүсүндө “тынч демонстранттарды кармап, аларга каршы күч колдонуу ой-пикир айтуунун жана жыйналуунун Орусиянын Конституциясында каралган фундаменталдык эркиндигине коркунуч туудурары” көргөзүлгөн.

Кармалгандарды бошотууга Москваны АКШ да чакырып, бул көрүнүш “демократиянын негизги баалуулуктарын кордоо” болорун белгиледи.

Ал эми Эл аралык Мунапыс уюму демонстранттарга каршы күч колдонууну “бийликтердин фундаменталдык адам укуктарын толугу менен тебелөө” катары сыпаттады.

Кечээ Орусиянын бир катар шаарларында өткөн коррупцияга каршы жүрүш учурунда Москва менен Санкт-Петербургда эле кармалгандардын саны 1150гө жетти. Демонстранттарды кармоолор Владивосток, Благовещенск, Казан шаарларында да болгон. Бул тууралуу Орусия милициясынын кечээги аракеттерине байкоо салган ОВД-Инфо уюму билдирди.

Ал эми жүрүштүн уюштуруучусу, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Москвадан демонстрация башталганга чейин эле кармалып, 30 күнгө эркинен ажыратылды. Москва райондук соту Навальныйды уруксат берилбеген коомдук жыйындарга каршы мыйзамды кайра-кайра бузганы үчүн күүнөлүү деп тапты.

Мындан мурда, 26-марттагы коррупцияга каршы жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адамдар катышып, Москвада полиция миңдей адамды кармап, анын ичинде Навальный 15 суткага кесилген болчу. Ал буга чейин 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын да жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG