Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

"Заноза" cайтынын адвокаттары Жогорку Сотко кайрылышты


Бишкектеги сөз эркиндиги маршы. 18-март, 2017-жыл.
Бишкектеги сөз эркиндиги маршы. 18-март, 2017-жыл.

Бул тууралуу Zanoza.kg сайтынын журналисти Нарын Айып “Азаттык” радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, Бишкектин Октябрь райондук соту шаардык соттун чечимине каршы доо арызды 12-13-июнда карады. Адвокаттар буга чейин Башкы прокуратуранын "Заноза" сайты боюнча арызынын мыйзамдуулугун териштирүү өтүнүчү менен Конституциялык палатага кайрылышкан. Буга байланыштуу арыз Конституциялык палатада каралганча соттук жараяндарды токтотуу өтүнүчүн келтиришкен:

- Чындыгында Конституциялык палата карамайынча иш токтошу керек болчу. Алар токтотпой койду. Үч сот жараяны өттү. Жарандык-процессуалдык кодекстин 216-беренесинде соттогу каралып жаткан маселе боюнча арызды Конституциялык палата кароого алса, анда соттун баары токтошу керектиги жазылган. Конституциялык палата биздин арызды кабыл алды, жараянды токтотуп тургула деп өтүнүч берилсе да, сот аны токтотпой койду. Айла жок мурдагы процедуралык маселелер боюнча кабыл алынган чечимдерге каршы Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылдык, - деди Нарын Айып.

Башкы прокуратура "Заноза" сайтына 30-мартта чыккан маалыматтар үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоп аталган сайтты сотко берген. Сайтта Бишкектеги талкуулардын биринде өлкөдөгү абал тууралуу сөз сүйлөгөн Чолпон Жакупованын пикири жарыяланган.

Март айында да Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркы менен ар-намысын коргоп Zanoza.kg сайтына карата үч арыз жазган болчу. Алардын негизинде аталган сайтты негиздеген "Промедиа" фондунан, сайттын журналисттери Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакупованын ар биринен 3 миллион сомдон талап кылган. (NT)

XS
SM
MD
LG