Ички иштер министрлиги мас абалында унаа башкарган милиция кызматкерлеринин ишин иликтеп жатат.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, ички тартипти сактоо максатында уюштурулган иш-чаралардын жүрүшүндө 11-июнь күнү Бишкекте спирт ичимдигин ичип алып машине башкарып жүргөн милиционер кармалган. Ал түнкү саат бирлер чамасында колго түшкөн жана Чүй облустук милициясынын өкүлү экени аныкталган. Автоунаасы айып төлөө аянтчасына киргизилген. Факт боюнча кызматтык иликтөө башталган.
13-июнда түнкү саат бирлерде Ош шаарында да мас абалында, кызматтык кийимчен машине айдап жүргөн милиционер колго түшкөн. Ал Ош ШИИБ кызматкери экени аныкталган. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.