Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:43

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан киши өмүрү кыйылды 


Сузак районундагы кырсык. 13-июнь, 2017-жыл.

Жол кырсыгы Бишкек-Ош каттамынын 576-чакырымында, Сузак районунун Беш-Мойнок участкасында 13-июнда болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, таш жүктөп келе жаткан КАМАЗ автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, жардан учуп кеткен. Айдоочу каза таап, куткаруучулар сөөктү туугандарына өткөрүп беришкен.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын миңдей адам жол кырсыгынан ажал табат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG