Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:09

"Санат" комузчулар ансамбли Сочидеги фестивалда баш байге алды


Мектеп окуучуларынын "Санат" ансамбли Сочиде.

Жаш комузчулардын "Санат" ансамбли Сочи шаарында өткөн "Улуу Орусия" деп аталган кароо-сынакта баш байгеге ээ болушту.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, сынактын жыйынтыгында ансамбль Санкт-Петербург шаарында боло турган "Жылдыздардын жанышы" фестивалына чакыруу алды.

Мындан тышкары фестивалда ансамбль комузда кол ойнотуунун виртуоздук техникасы үчүн биринчи орунду ээледи. Дагы бир мүчөсү Аделя Бурханбай кызы мыкты ыр номинациясы боюнча биринчи орунга татыктуу болду.

"Санат" ансамбли Бишкектеги №13 мектеп-гимназиянын окуучуларынан турат. Аны Табани Кожоярова жетектейт. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG