Кытай Пакистан менен Ооганстандын өз ара мамилелерин жакшыртууга арачылык кылууга даяр. Бул тууралуу Пакистан өкмөт башчысынын тышкы саясат боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз 14-июнда “Машал” радиосуна берген интервьюсунда билдирди.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И үстүбүздөгү айдын аягында Кабул жана Исламабадга иш сапар менен бармакчы. Пакистан премьери Наваз Шариф жана ооган президенти Ашраф Гани 9-июнда Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда жолугушкан. Сартаж Азиздин айтымында, ошондо эки лидер ортодогу чыңалууну басаңдатуу жана эки коңшуну тынчсызданткан маселелер боюнча сүйлөшүү баштоо тууралуу макулдашышкан.