Бүгүн Жогорку Сот Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу "Ата Журт" партиясынын даттануусун карайт. Бул тууралуу партиянын шаардык штабынын жетекчиси Тагайбек Казакбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Буга чейин алар №2098 шайлоо участогунда шайлоого катышкан адамдардын санынан бюллетендердин саны көп чыкканына байланыштуу добуштардын жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен БШКга кайрылган болчу. Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Журттун” арызын канааттандырган эмес.
Буга чейин бул арызды Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап, БШКнын чечимин күчүндө калтырган. Эгер бул участоктун добуштары жокко чыкса, КСДП бир мандатынан ажырайт.
28-майда өткөн шаардык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоодо алты партия тийиштүү босогодон өткөн. Анын расмий жыйынтыгын чыгаруу сот ишине байланыштуу токтоп турат. (RsK/КЕ)