Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:06

Чотоновдун баш коргоо чарасы Жогорку Сотто каралат


Дүйшөнкул Чотонов.
Дүйшөнкул Чотонов.

Бүгүн Жогорку Сот мурдагы министр жана элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды карайт. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка” ырастады. 14-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда аты аталган саясатчылардын негизги иши каралмак. Бирок Чотоновдун жактоочулары Жогорку Сотко көзөмөл арыз жазганына байланыштуу отурум токтотулган.

12-июнь күнү Бишкек шаардык сотунда камакка алынган саясатчылардын бири Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасына даттануу арызы каралары айтылган. Бирок анын бөгөт чарасын кароо ишине Өмүрбек Текебаев да алынып келинген. Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы буга шаар прокурору Бейшекеевдин бөгөт чарасынын мыйзамдуулугун карап берүү тууралуу сунушу негиз болгонун жүйө келтирген. Шаардык сот экөөнүн баш коргоо чарасын чогуу карап, аларды камакта калтырган чечимин чыгарган болчу.

Өмүрбек Текебаев коррупцияга шектелип февралдын этегинде абакка камалган. Анын ишине байланышы бар деп, мурдагы министр жана элчи Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Эки саясатчы тең коюлган айыптарды четке кагып, бийликтин оюну катары сыпаттап келишет. (КE)

XS
SM
MD
LG