Таластын Бакай-Ата районунда жашы жете элек кызга үйлөнгөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Акыйкатчы институтунун облустагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева билдирди. Анын айтымында, 2016-жылы Кең-Арал кыштагында 16 жаштагы кыз айылдашына турмушка чыккан. Бирок 23 күн жашагандан кийин зордук-зомбулукка кабылганын айтып, төркүнүнө кетип калган.
Кыз облустук Акыйкатчыга кайрылган соң, факт боюнча облустук милиция кылмыш ишин козгогон. (AlS)