Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:44

Кабул Исламабаддан терактка шектелген адамды өткөрүп берүүнү сурады


Ооганстандын чалгын кызматы Пакистандан январдагы жардырууга шектелген үч кишини өткөрүп берүүнү расмий сураганын билдирди.

15-июнда Улуттук Коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Масум Станакзай Кандагар шаарындагы кандуу окуяны иликтөө жыйынтыкталганын айтып, губернатордун резиденциясындагы жардырууну ашпозчунун бири ишке ашырганын билдирди. Кол салуу 13 кишинин өмүрүн кыйган, алардын арасында Бириккен Араб Эмираттарынын дипломаттары жана губерантордун орун басары да бар болчу.

Маалыматка караганда, талип согушкерлери ашпозчуга 30 миң доллар жана Пакистандын Кветта шаарынан үй убада кылышкан. Талибан жардырууга тиешеси жоктугун айтууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG