Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Атамбаев Гелмут Колдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты


Гелмут Коль Германиянын азыркы канцлери Ангела Меркел менен.

Мурдагы канцлер Гелмут Колдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркелге жана президент Франк-Вальтер Штайнмайердин атына көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

Телеграммада президент Атамбаев "дүйнөлүк масштабдагы белгилүү саясатчы" Гелмут Колдун өлүмү тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирип, саясатчынын Германияны бириктирүүдө жана Европаны бекемдөөдө кошкон салымы дүйнө элинин сый-урматына татыганын белгилеп кеткен.

Германиянын мурдагы канцлери Гелмут Коль 87 жашында көз жумду. Коль өлкөнү Кансыз согуштун аягында жана эки Германиянын биригүүсү учурунда жетектеп турган.

Маркум 1982-90-жылдары Батыш Германиянын жана 1998-жылга чейин бириккен Германиянын канцлери болуп келген. Ал Европадагы интеграция процесстерине жана бирдиктүү валюта – евронун киргизилишине чоң салым кошкон.

Посткоммунисттик өлкөлөрдүн Евробиримдикке жана НАТОго кошулушун жактап келген.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG