Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:15

Кыргызстандын Түндүк-Түштүк атаандаш жолуна акы алынышы ыктымал. Бул тууралуу унаа жана жол министри Жамшитбек Калилов Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, министрлик тарабынан акы алынуучу жолдордун концепциясы иштелип чыккан, анын ичинде Кочкор-Кубакы жолу да бар. Аталган жолго жүк ташуучу унаалар да, жеңил автоунаалар да акы төлөөгө тийиш.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун узундугу 433 чакырымды түзөт. Жол 2020-жылы пайдаланууга берилери айтылууда.

Республикалык бюджетти жеңилдетүү максатында айрым жолдорго акы төлөтүү сунушун Унаа жана жол министрлиги берген. Министрликтин маалыматы боюнча, келерки жылы 26 чакырым жолго акы төлөнүүгө тийиш, 2025-жылга карата акы төлөнүүчү жолдордун жалпы узундугу 500 чакырымга жетет. Автоунаа жолдоруна акы алуу тармакты өнүктүрүүнүн он жылдык стратегиясында каралган.

Азырынча Кыргызстанда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу туннелине гана акы төлөнөт. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG