Линктер

жума, 18-январь, 2019 Бишкек убактысы 01:50

Кыргызстан эл аралык уюмдагы добуш берүү укугун калыбына келтирди


Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмундагы добуш берүү укугун калыбына келтиргени тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова Германиянын GIZ коомунун төрайымы Таня Гённер менен жолугушууда билдирди. Кыргызстан каржылык себептерден улам мүчөлүк акы төлөй албаганына байланыштуу уюмдагы добуш берүү укугунан ажыраганы тууралуу 2013-жылы кабарланган.

Министрликтин маалыматы боюнча учурда мүчөлүк акы маселеси толук чечилди. Бул Кыргызстанга башка мамлекеттер менен тең укукта кызматташууга кошумча мүмкүнчүлүк түзөт деп айтылат министрлик жиберген маалыматта.

Эл аралык эмгек уюмуна дүйнө жүзүндөгү 185 өлкө мүчө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG