Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:54

Мадридде мигранттарды кабыл алуу талабы менен митинг өттү


Испан моряктары кутккарып калган качкындар. Ноябрь, 2016-жыл.

Испаниянын баш калаасында бир нече миң киши өкмөттү Евробиримдик алдында алган милдетин аткарууну - 17 миңден ашуун качкындарды кабыл алууну талап кылып жүрүшкө чыгышты. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, Испания буга чейин 1300 мигрантты кабыл алган.

Акцияны Amnesty International уюму баштаган бир катар бейөкмөт уюмдары уюштурушту.

Июнь айынын башына карай Евробиримдикке мүчө өлкөлөр 20 миңге жетпеген качкынга башпаанек беришти. 2015-жылдагы план боюнча, акыркы эки жылда Грекиядан жана Италиядан 160 миң качкынды кабыл алууга тийиш болчу. Ал эми Венгрия, Польша, Чехия мигранттарды кабыл алуу боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткаруудан баш тартып келишет. Евробиримдик жетекчилиги жана айрым өлкө башчылары миграция планы ишке ашпай калганын белгилеп, качкындар маселеси оор абалга кептелгенин айтышууда.

2015-жылы Сирия, Ирак, Эритреядан качып чыгып, чөлкөмдөн башпаанек сураган миллиондон ашуун мигранттын айрымдары азыр Грекия менен Италиянын аймагында.

XS
SM
MD
LG