Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:03

Португалия: өрттөн каза тапкандардын саны өсүүдө


Португалиянын борбордук бөлүгү

Португалиянын борбордук бөлүгүндөгү токойлордо чыккан өрттөн каза тапкандардын саны кеминде 62 адамга жетти. Өкмөт ондогон киши жаракат алганын кабарлады.

Ишемби күнү түштөн кийин башталган өрттү өчүрүү үчүн Педроган-Гранди муниципалитетине 600дөй өрт өчүрүүчү 160тай унаасы менен жөнөтүлдү. Өлкөнүн Жарандык коргонуу мекемеси курмандыктардын саны өсүшү мүмкүндүгүн билдирди.

Соңку күндөрү Португалиянын бир катар аймактарында абанын температурасы кеминде 40 градустан ашып, баш аягы 60 токойдо өрт чыккан.

Өлкөнүн ички иштер министри Хорхе Гоместин айтымында, Леириа аймагында 43 адам унааларынан чыга албай калып, күйүп кетишкен.

XS
SM
MD
LG