Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:06

2009-жылы апрелде жер көчкү болгон Ак-Жол айыл аймагындагы 112 үй-бүлө коопсуз жакка көчүрүлүүгө тийиш болсо, анын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 68 үй-бүлө көчүп кеткен. Калган 49 үй-бүлөнүн ичинен 14 үй-бүлө мамлекеттен ссуда ала элек. Ал эми 35 үй-бүлө ар кайсы жылдары мамлекеттен ссуда алган, бирок, кооптуу аймактан көчүп кетүүдөн баш тартып жатышат. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Булардын ичинде мамлекеттен турак жай куруу үчүн жер тилкесин да, акча да алып, ал жакка үй тургузуп коюп, бирок кайра эле эски конушуна келип жаткандар көп болууда. Алар кээ бир адамдардын ошол кооптуу аймактарды мамлекет коопсуздандырып бериши керек деген сөздөрүнө ишенип, өмүрүнүн кооптуулугуна карабай, кетпей жашап жатышат.

Бекиловдун айтуусунда, кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүп кетүү иши жергиликтүү бийликке тапшырылган. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактагы эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Умбетаалы Кыдыралиев Аксынын Райкомол айылындагы жер көчкү көчүү коркунучу бар аймакта жашаган адамдардын өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын белгилеп, буга Өзгөчө кырдаалдар министрлигин айыптаган эле.

2009-жылы апрелде Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында ири жер көчкү болгон. Андан Райкомол айылынын 16 тургуну набыт болгон, анын 11и жаш балдар болчу. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG