Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 00:46

20-июнда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Москвада белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар койду. Бүгүн президент Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген форматта жолугушат. Маалыматтарга караганда, жолугушууда саясий-экономикалык, гуманитардык-маданий жана башка багыттар боюнча орус-кыргыз кызматташтыгы тууралуу бир катар документтерге кол коюлат.

Бүгүн кечке жуук Москвадагы Кремль сарайында Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышы болот.

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушат. Ошондой эле Алтай цивилизациясын иликтеген окумуштуулар, тарыхчылар, эксперттер жана орус премьери Дмитрий Медведев менен жолугушуусу белгиленген. Президент мындан тышкары кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен кезигип, Москвадагы мечитке барат, Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен сүйлөшөт.

22-июнда Уфага барып, Башкортостан республикасынын башчысы Рустем Хамитов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ал жерде Кыргызстандын искусство чеберлеринин концерти болот.

23-июнда Казань шаарында Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен кездешүүсү пландалган. 24-июнга чейин созулуучу мамлекеттик сапар кыргыз-орус дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган жана Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ишке ашты. Сапардын жүрүшүндө орус бийлиги менен миграция, саламаттыкты сактоо, каржы жана статистика тармактарындагы эки тараптуу кызматташтык боюнча бир катар документтерге, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына кол коюлат. Кыргызстан менен​ Орусиянын дипломатиялык алакасына быйыл 20-мартта 25 жыл толду.

Президент Алмазбек Атамбаев беш күндүк мамлекеттик сапар менен Москвага 19-июнда барган.(ZKo/AzK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG