Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:01

Ирактын премьер-министри Саудияга барды


Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади жана падыша Салман. Мекке, 19-июнь, 2017-жыл.

Хайдар ал-Абадинин Эр-Риядда кечээ башталган сапары сунни мусулман өлкөсү Сауд Арабия менен шийилер үстөмдүк кылган Ирактын элдешүүсүн бекемдөө максатын көздөйт.

Бул өз кезегинде Ирактын өзүндө шийилер менен суниттердин ажырымды басаңдатууга да жардам бериши керек.

Ирак премьери Абади Саудиянын падышасы Салман менен быйылкы жыл ичи эле экинчи ирет жолуккан.

Ирак шийилер башкарган Иран менен сунни мусулман араб өлкөлөрү ортосунда турат.

2011-жылы АКШ аскерлерин алып кеткенден кийин Ирактагы бийликке Ирандын таасири арта башташы өз кезегинде Эр-Рияддын Багдад менен мамилесинде чыңалуу жараткан.

Премьер Абади азыр алака-катышты тең салмактоого умтулуп жаткандай.

Ал Перс булуңу боюнча сапары учурунда Иран менен Кувейтке да токтойт. (UE)

XS
SM
MD
LG