Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Пакистан Ооганстан менен чек арасына дубал курат


Пакистан менен Ооганстандын чегиндеги Чаман көзөмөл бекети.
Пакистан менен Ооганстандын чегиндеги Чаман көзөмөл бекети.

Пакистан тарап эки өлкөнүн тынч эмес чек арасын бойлой дубал курулушу жакын арада башталарын билдирүүдө.

Армия 20-июнда тараткан билдирүүгө караганда, чек ара дубалынын биринчи фазасы уруулар жашаган Бажур, Мохманд жана Хайбер райондорун камтыйт. Дал ушул райондорду бийликтер түрдүү согушчан топтор чек арадан ары-бери өтүп турган аймактар катары санашат.

Пакистан армиясы чек арага көзөмөл жүргүзүүнү жана коргоону жакшыртуу үчүн жаңы бекеттер менен тосмолор да куруларын билдирүүдө.

Пакистан менен Ооганстандын ортосунда Дуранд сызыгы деп аталган чек ара тилкесинин узундугу 2400 чакырым. Пакистан аны эл аралык чек ара деп караганы менен Ооганстан тааныган эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG