Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Талды-Булак-Сол жээк кенинде эки кырсык үч адамдын өмүрүн алды


Талды-Булак- Сол жээк алтын кени.
Талды-Булак- Сол жээк алтын кени.

Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак- Сол жээк алтын кенинде эки кырсыктан үч адамдын өмүрү кыйылды. Кыргызстандын Тоо-кен металлургия кесиптик жамаатынын төрагасы Элдар Тажибаевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче каза тапкандар Кытайдын жарандары. Маалыматка караганда 20-июнда кытайлык эки жумушчу 30 метр бийиктиктен кулап кеткен. Кырсыктын себеби белгисиз. Экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясынын чечими менен атайын комиссия түзүлүп, кырсыктын чоо-жайы иликтенмей болду.

Бул - быйыл июнда аталган кенде катталган экинчи кырсык. 14-июнда да тоо урап, дагы бир кытайлык жаран, жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу каза тапкан.

Талды-Булак-Сол жээк кени 2015-жылы июль айында ишке кирген. Кенди иштетүү үчүн биргелешкен кыргыз-кытай “Алтынкен” жоопкерчилиги чектелген коому лицензия алган. Ишкананын 60 пайызы Кытайдын “Цзыцзинь”, 40 пайызы “Кыргызалтын” ААКсына таандык.

Расмий маалымат боюнча учурда "Алтынкен" ишканасында миңге чукул адам иштейт. Анын 96 пайызы жергиликтүү тургундар, төрт пайызы кытайлык адистер. Кенде алтындын 77 тоннадан ашык запасы бар экени аныкталган. (NT)

XS
SM
MD
LG