Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Путин: Орусияда кыргызстандыктарга жеңилдик бар


Путин жана Атамбаев Кремлдеги жолугушууда. 20-июнь, 2017-жыл.
Путин жана Атамбаев Кремлдеги жолугушууда. 20-июнь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 20-июнда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуудан кийин өткөн маалымат жыйында билдирди. Ал Орусиянын Кыргызстанга каржылык колдоосу дээрлик кайтарымсыз негизде көрсөтүлүп келе жатканын эске салды:

- Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ийгиликтүү иштеп жатат. Анын уставдык капиталына Орусия 500 миллион доллар салган. Мындан тышкары Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында орус тарап жыл сайын 30 миллион доллар бөлүп келет. 2012-жылдан тарта мындай жардамдын суммасы 255 миллион долларды түздү. Кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө маанилүү салым катары мигранттардын которгон акчасын айтсак болот. Былтыр мындай которуулардын көлөмү 20 пайызга өсүп, 2 миллиард долларга жакындаган. Ал эми быйылкы жылдан биринчи кварталында которуулар дагы 60 пайызга жогорулады. Бизде кыргыз жарандарына жумушка орношууга, медициналык жана социалдык жардам алууга жеңилдик берген шарттар каралган, - деди Путин.

Эки өлкө лидерлеринин жолугушуусунда Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын толук кечкени тууралуу протоколго кол коюлду. Алмазбек Атамбаев муну Орусия тараптан абдан чоң реалдуу каржылык жардам катары баалады. "Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албай" турганын белгиледи.

Кремлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тараптуу бир нече документке, анын ичинде союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлду. Атамбаевдин Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапары 19-июнда башталган. Ал Москвадан кийин Татарстан менен Башкыртстанга да барат. (AzK/NT)

XS
SM
MD
LG