Бул жаңы жылдан берки көрсөткүч. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун бүгүн журналисттерге билдиргени боюнча, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик беш эсе көп. Өткөн жылдын беш айында ар түрдүү кырсыктардан 16 адам көз жумган. Министрдин сөзү боюнча, быйыл өлкөдө 264 кырсык катталган. Анын ичинде табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктар бар.
Куткаруучулар тарабынан 46 киши автокырсыкта, 65 киши экстремалдык кырдаалдарда, 32 адам өрттөн, ал эми эки киши суудан, жалпысы болуп 145 адам куткарылган.
16-январда Дача-СУ айылында учак кулап, 38 киши набыт болгон. Аю-Сайдагы жер көчкү 24 кишинин өмүрүн алган. (ZKo)