Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:02

Жер титирөөдөн жабыркагандарга курулуш материалдарын жеткирүүнү өкмөт өз моюнуна алганын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, бүгүнкү күнгө чейин аймакка 1, 947 тонна цемент, 80 тонна арматура жана 70 миңге чамалуу кыш жеткирилген.

- Кызыл-Кыяда цемент баасы 5 сом 15 тыйын турат. Биз арзандатылган баа менен 4 сом 20 тыйындан жеткирип жатабыз. 250 үй-бүлө жаңы үйүнүн пайдубалын куюп бүтүштү. Быйыл кыш түшкүчө Чоң-Алайдагы 600 үй-бүлөнүн баары үйүн тургузуп бүтөт деп ойлойм. Биз аларга колдоо көрсөтөбүз, - деди Боронов.

Министрдин сөзү боюнча, жергиликтүү элди колдоо үчүн аларга пенсия, айлык акы алдын ала берилди. Ошондой эле "Айыл банк", РСК банктар аркылуу жабырлануучуларга 50 миң сомго чейинки күрөөсүз насыя берилүүдө.

Чоң-Алайдагы жана Өзгөндөгү кырсыктан жабыркагандар үчүн жардам катары коомчулуктан 25 млн сом келип түшкөн. Бул каражат жергиликтүү комиссия жардам алуучуларды аныктаган соң, этап-этабы менен берилет. Алгачкы этабы ушул жумада берилет.

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы жер көчкү Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам анын алдында калган. Ал эми 3-5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга келген.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG