Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Балтика деңизинде АКШ жана Орусия учактары бири-бирине жакындады


Орусиянын СУ -27 учагы.
Орусиянын СУ -27 учагы.

АКШнын Коргоо министрлиги - Пентагон билдиргендей, окуя 19-июнь күнү, Калининград облусунан 40 чакырымдай аралыкта болгон.

Америкалык аскерий өкүлдүн айтымында, Орусиянын учагы америкалык RC -135 үлгүсүндөгү чалгынчы учактын жолун эл аралык аба мейкиндикте жүргөндө торогон.

Пентагондун өкүлү америкалык медианын учактар бири экинчисине бир жарым метр жакындаган деген маалыматын ырастабаганы менен окуяны абдан “кооптуу" деп мүнөздөп, бул “орус учкучунун катуу ылдамдыкта келгенинен жана учакты жаман башкарганынан улам болду” деп мүнөздөдү.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги тескерисинче АКШ учагы алардын СУ-27 учагын карай “чагымчылыкка” барды деп айтууда.

АКШ менен Орусиянын учактары аба мейкиндикте бири-бирине жакындаган инциденттер буга чейин да бир нече ирет катталган. (UE)

XS
SM
MD
LG