Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:49

Сенат лидерлери Орусия санкциясы боюнча мыйзамды колдоого чакырууда


АКШ Конгрессинин жыйындар залы.

Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү караган мыйзам долбоору азыр Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын кароосунда жатат.

Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер, таасирлүү республикачылардын бири Жон МакКейн, тышкы байланыштар боюнча комитеттин төрагасы Боб Коркер кесиптештерин мыйзамды мүмкүн болушунча тез жана алардыкындай эле редакцияда жактырууга чакырышты.

Бирок, Эл өкүлдөр палатасынын лидерлери мыйзамда АКШ Конституциясынын бир жобосунун талабы бузулуп калганын билдиришүүдө. Бул документ Сенатка кайра кайтарылуусу мүмкүн дегенди туюндурат.

Москвага каршы жаңы чаралар Иран боюнча санкциялык мыйзамга бириктирилген.

Жогорку палатадагы добуш берүүдө долбоорду 100 сенатордун 98и колдоп, экөө эле каршы чыккан.

Жаңы санкциялар Орусия АКШнын былтыркы президенттик шайлоосуна кийлигишти деген айыптоолордон улам сунушталып жатат.

Мурдагы санкциялар Орусиянын каржы жана энергетикалык гана компанияларын камтыса, жаңысы тоо-кен, металл өндүрүү, жүк ташуу жана темир жол компаниялары үчүн да тиешелүү болот.

Ошондой эле Украинада жикчилерди колдогон, Сирия бийлигин курал менен жабдууга жоопкер орусиялыктарды да бутага алат.

Жаңы чараларда Орусияга каршы анын Украинадагы аракеттеринен улам мурда президенттин жарлыгы менен киргизилген санкциялар эми мыйзам түрүндө да бекемделүүдө.

Бул Орусия менен мамилени оңдоо ниетин айтып жүргөн президент Дональд Трамптын эски санкцияларды да Конгресстин макулдугу жок жумшартышы кыйындайт дегенди түшүндүрөт. (UE)

XS
SM
MD
LG